www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы вице-президенти жана президенттик шайлоодо Демократтар партиясынан талапкер болушу мүмкүн делген Жо Байден жыйналышта сөз сүйлөп жатып,  кокусунан карындашын жубайы менен чаташтырып алды. Байден Лос-Анджелестеги шайлоочуларына кайрылып жатып, элге карындашы Валерини тааныштырган. Бирок колу менен оң жагында турган аялын көрсөтүп алган. Жаңылганын байкаган вице-президент дароо ыңгайсыз абалды тамашага буруп:

"Булар орун алмашып алган турбайбы, ушинтип мени ыңгайсыз абалга калтырышты", — деп кырдаалдан чыккан.

Саясатчынын сүйлөгөнүн америкалык жана чет элдик каналдар көрсөттү.

Мурдагы күнү АКШда "супер шейшемби" өттү. Анда президенттик талапкерликке аттануу үчүн 14 штатта Демократтар партиясынын ички шайлоолору болуп, Байден жеңип чыккан.

жо байден сурамы боюнча табылган сүрөттөр

Июлдагы демократтардын съездинде бир талапкер тандалып, ал ноябрда республикачылардан чыккан өлкө башчы Дональд Трампка атаандаш болмокчу.

Эске сала кетсек, АКШда 2020-жылдын 3-ноябрында президенттик шайлоо өтүп, өлкө тарыхындагы 46-президентти шайлоо мерчемделүүдө. АКШнын Конституциясы боюнча президенттикке талапкер 35 жаштан өткөн, мамлекетте 14 жылдан кем эмес жашаган АКШнын жараны болушу керек.

Жо Байден АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын тушунда вице-президенттик милдетти аткарган. Анын талапкерлигин Обама жана өлкөнүн мурдагы мамлекттик катчысы Жон Кери да колдой турганын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости