www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Митингдин уюштуруучусу Каныбек Осмоналиев эки айга камалды

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыккан митингди уюштурган деген негизде, 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына калтырылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов 4-марттан 5-мартка караган түнү чечим чыгарды. 

Муну менен катар ушул эле соттун чечими менен Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анара Дубанбаева да 3-майга чейин тергөө абагына калтырылды. 

Каныбек Осмоналиев менен Анара Дубанбаева “бийликти басып алууга аракеттенген” деген шек менен 2- март күнү кармалып, тергөө жайына киргизилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Массалык башаламандык» деген негизде катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Эске сала кетсек,  2-март күнү  Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

 Булак:NazarNews.kg

Последние новости