www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйдү. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ке жеткен. Башкача айтканда, ажырашуу фактысы 561ге көбөйгөн.
“Ажырашуу тууралуу арыз эң көп берилген аймак – Бишкек шаары (2000ден ашык арыз). Ал эми эң азы – Ош, Нарын жана Талас облустарында. Бул жакта ажырашуулардын саны 500дөн ашпайт” деди Бейшеналиев. Жалпысынан 2019-жылы Кыргызстанда 49 миң 395 нике катталган.
Булак: "АЗИЯnews"