www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төкмө акын Аалы Туткучев бул сапар академик, профессор, КР илимге эмгек сиңирген ишмери Мамбет Мамакеев тууралуу жазды.

"Бул адам бата алган адам. Апасынын курсагында кезинде Кыдыр аке бата берген экен. Көптөгөн шакирт өстүрүп, 120 дан ашык илимий иштерди ачып, 30,000 ден ашык операция жасап, азыр да 93 жашында күнүнө бештен ашык операция жасаганы “Колуң менен тең кары”-деп элдин берген батасы эмей эмине?.. Орусча бир сөз билбей борборго келип, жалгыз тери шымын отко кактап биттен арылтып, ат көтөргүс азап менен ушул даражага жеткеничи? “Хирургдун кандай экени эки эле күндө билинет, же ары кылат же бери кылат”-дейт бир интервьюсунда. Көп кыймылдап, сергек жашоону кеңеш берет. Курсак байлаганды жактырбайт. Анткени, өз ден-соолугу начар докдур башканын ден-соолугуна кантип кам көрө алмак. Бир накыл кепте “Жаштар өздөрүн акылдуу ойлошот, алардын акмак экенин улуулар дайым билип турат”-дейт. Билимдүү жаштарыбыз көп, бирок, Мамбет атадай тажрыйбасы жок. Аксакалдардын тажрыйбасы менен жаштардын күч кубатын айкалыштырсак келечек биздин элдики. Карысы бардын ырысы бар.  Ырысы бардын жылышы бар" деген ал.  

Булак: NazarNews,kg

Последние новости