www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

Аталган план социалдык туруктуулукту жана жарандардын ишкердик активдүүлүгүн колдоого, калктын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн тумоо менен күрөшүүгө багытталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын аягына чейинки так иш чараларын жана аракеттерин камтыйт.

Планды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин негизги артыкчылыктары болуп каатчылыктын шартында көбүрөөк жапа чеккен калкты социалдык-экономикалык жактан жана ишкердик чөйрөнү колдоо, анын ичинде жумушчу орундарын сактоо жана калк үчүн социалдык кепилдиктерди жогорулатуу болуп эсептелет.

План социалдык туруктуулукту, экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, калктын кирешелерин сактоого багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын аягына чейинки иш-аракеттерин жана төмөнкү негизги багыттарды өзүнө камтыйт:

1. Жарандардын ден соолугун коргоо. План саламаттыкты сактоо тутумун зарыл болгон медициналык кызматкерлердин саны менен толуктоо жана даярдоо, ошондой эле медициналык жардамды көрсөтүү көндүмдөрүн алууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо, 14 жугуштуу оорулар ооруканасын кайра өзгөртүү жана жабдуу, ишке киргизүү, пандемия кырдаалы курчуп кеткен учурга карата 2 мобилдүү оорукана алып келүү, кошумча тез жардам унааларын сатып алуу, өлкөнүн бардык аймагы боюнча медициналык буюмдар жана дары-дармек каражаттары менен камсыздоо каралган.

2. Калктын социалдык аярлуу катмарын колдоо жана пенсионерлерге социалдык кепилдиктерди жогорулатуу.

3. Билим берүү чөйрөсүндө аралыктан окутуу түрүнө өтүү, өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын логикалык уландысы болуп калмакчы. Планда каралган иш-чаралар, ошондой эле авариялык абалда турган мектептерди капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча иштерди аяктоо, аралыктан окутуу үчүн видеоконтентти жана санарип окуу куралдарын түзүүгө тийиштүү болот. 

4. Экономиканын туруктуулугун камсыздоо. Негизги бирден-бир багыттардын бири болуп, бизнести колдоо боюнча институттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, коммерциялык банктардагы кредиттер боюнча ишкерлердин милдеттенмелерин жылдыруу, ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мамлекет тарабынан каржылык колдоону камсыз кылуу, салыктык жана бажылык башкаруу механизмдерин өркүндөтүү, бизнес-чөйрөгө жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу өлкөнүн каржы тутумунун туруктуулугун камсыздоо жана ишкердик чөйрөнү колдоо маселелери болот.

Буга катар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга карата Социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча иш-аракет планын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости