www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тунгуч муфтийи,  Аалымдар кеңешинин ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдурахмановдун 80 жылдык мааракесине карата президент Сооронбай Жээнбековдун энчилүү сааты жана куттуктоосу тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргызстандын тунгуч Азирети Мифтийи, Аалымдар Кеңешинин ардактуу мүчөсү Кимсанбай ажы Абдурахмановдун 80 жылдык мааракесине карата Президент Сооронбай Жээнбековдун энчилүү сааты жана куттуктоосу тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу иш-чарасына Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, КР Дин Иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев катышты.

Өз учурунда Кудайберген Базарбаев Кимсанбай ажынынын 80 мааракеси менен Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун айтып, анын Кыргызстан гана эмес Борбор Азияда мыкты шакирттерди тарбиялып, Исламдын салттуу баалуулуктарын даңазалап, Кыргызстанда тунгуч медресени ачып, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка кошкон салымын баса белгиледи.

Ал эми КР Дин Иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Кимсанбай ажынын Кыргызстан мусулман коомчулугунун өнүгүшүнө зор салым кошуп, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгын биринчилерден түптөп, Муфтийлик кызматта турганда бир катар алгылыктуу жумуштарда аткарганын айтып, белектерин тапшырды.

Сөз соңунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кимсанбай ажынын 80 жылдык маарекеси менен дагы бир жолу куттуктап, дайыма акыл насаатын айтып, төрүбүздүн көркү болуп, акыл насаатын айтып жүрө берүүсүн тилеп, дуба кылды,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости