www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭТУнун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүмү (Жалдануучулук) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 1989-ж.т. КР жараны Т.Н. кармалган.

Такталгандай, кармалган адам 2014-жылдан 2017-жылдар аралыгында Сирия аймагында болуп, Сирия Араб Республикасынын өкмөтүнүн аскерлерине каршы ЭТУ катарында куралдуу жаңжалдарга катышып келген.

Жогорудагы соттук териштирүүнүн материалдары жана Ош шаардык сотунун чечими менен анын жашаган жеринде санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү, жыйынтыгында кандайдыр бир тыюу салынган буюмдар табылган жок.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди

Азыркы убакта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости