www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын суроосу боюнча кармалган кыргызстандык Эсенбай Маджитовдун укугун коргоо боюнча маселе КР Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Эсенбай Маджитов кармалгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөндөн тартып аталган атуулдун укук жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Элчиликтин консулдук кызмат адамдарынын жогоруда аталган жаран менен ал камакта кармалып турган жеринде жолугушуусу күтүлүүдө.

Министрликтин жана элчиликтин жооптуу кызматкерлери Э.Маджитовдун жактоочусу менен туруктуу байланышта.

Аталган маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн өзгөчө көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, Тажикстанда 2020-жылдын 8-майындагы чек арадагы чыр боюнча кылмыш иши козголгон. Эсенбай Маджитов башаламандыкка катышкан деп айыпталууда.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чатак.  Тажикстандын чек ара кызматкерлери миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок аткан. Тажик жарандары Маджитовдордун чек аранын тактала элек участкасынын жанында жайгашкан үйүн өрттөп жиберишкен. Кийин Мажитов активисттердин жардамы менен үйүн калыбына келтирген.

Кийинчерээк Маджитовдун уулу - Адил президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жасап, чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнгөн. Президент бала менен жолугуп атасынын маселеси Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип жаткандыгын айтып, жакын аралыкта маселени толук чечип берүүнү убадалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости