www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматтан кетип, жаңысы шайланды

Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап кары Масалиев шайланды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Ага ылайык, 27-майда, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында буга чейинки төрага Абибилла Кадырбердиевдин кызматтан кетүү боюнча арызы каралып, канааттандырылган. Натыйжада көпчүлүк добуш менен ордуна Абдиманап Масалиев шайланды.

Аалымдар кеңешинин жаңы төрагасы 1965-жылы Баткен шаарында туулган. Бишкектеги борбордук мечитинин башкы имамы, Уламалар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын казысы болгон. 2007-жылдан бери борбордогу «Тунгуч» мечитинде имам хатиб болуп келген.

Муфтият ал эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаштарга куран окууну жана ислам таалимин үйрөтүүдө салымы чоң экенин белгиледи.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости