www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, чек арачыларды кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Чек ара кызматынын урматтуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Чек арачылар күнү менен куттуктаймын! Мамлекеттин коопсуздугу чек арадан башталат. Ал эми чек арачынын кесиби ары татаал, ары жооптуу. «Чептен эрдин күчү бек» демекчи, чек арачы болуу – Мекенге чексиз берилгендикти жана чыныгы кесипкөйлүктү, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылган ардактуу жана абройлуу кызмат.

Чек ара – адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак. Сиздердин кызматка кесипкөйлүк талаптары гана эмес, руханий жана адеп-ахлактык жогорку талаптар дагы коюлуп келген. Учурда кесиптик даярдык, мекенчилдик, кайраттуулук жана өз милдетине берилгендик Кыргызстандын чек ара кызматын калыптандыруунун негизин түзөт.

2019-жылы чек арада курман болгон прапорщик Равшан Муминовдун азасын кыргыз эли унута электе, кечээги эле чек арадагы каргашада капитан Манасбек уулу Нурсултандын, капитан Кубанычов Эсентурдун, прапорщик Юлдашев Бекзодбектин каармандыгы түбөлүк эсибизде сакталат.

Ушундай уулдары бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн кайгылуу окуянын сабактары талдоого алынып, улуттук чектерди ишенимдүү кайтарууну жогорулатууга, чек арага жакын райондордо жашаган тургундардын тынч жашоосун коргоого жана эки мамлекеттин, элдердин ортосундагы коңшулук жана достук мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган так чечимдер кабыл алынып жатат. Биздин ата-бабаларыбыздын кылымдар бою калыптанган өз ара ишенимин калыбына келтирүү өтө маанилүү жана мындан ары ушуга окшогон чек ара чыр-чатактарынын кайталанышына жол бербөө керек.

Бүгүнкү күндө мамлекет жана коомчулук Чек ара кызматына кесипкөйлүктүн жаңы бийиктигине, жогорку мобилдүүлүккө жетишүү, өлкөгө террордук, экстремисттик жана башка кылмыш элементтеринин кирүүсүнө жол бербөө милдеттерин коёт.

Чек арачылардын өз кызматын ийгиликтүү өтөп жатышы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга өз учурунда жооп кайтарууга, ошондой эле аймактарда тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, кыргызстандыктардын коопсуздугун камсыздоого зарыл шарттарды түзөт.

Урматтуу чек арачылар!

«Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дегендей, мамлекеттик чек арада кызмат өтөгөндөрдүн катарында өмүрү кылдын учунда турса да, ыйык милдетин так аткарып, ар-намысты бийик туткан, абийири таза, жүрөгү элим-жерим деп соккон чыныгы эр азаматтар көп. Кыргызстан эли сиздер менен сыймыктанат!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубатчылык, Ата Мекенге кызмат кылууда ийгиликтерди каалайм!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости