www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-майда Чымкенттин район аралык соту «адам соодалоого жана сексуалдык кулдукка мажбурлоого» шектелген 16 кишинин – 12 аял, 4 эркектин ишин карай баштады. Айыпталуучулардын арасында Кыргызстан жана Орусия жарандары бар.

Алар Кылмыш кодексинин «Трансулуттук уюшкан топ, трансулуттук кылмыштуу топ түзүү жана аларга башчылык кылуу, катышуу», «Адам соодалоо», «Жашы жете электерди соодалоо», «Кылмыштуу жол менен алынган акчаны же мүлктү мыйзамдаштыруу» беренеси боюнча айыпталууда.

Бул иште 38 киши жабырлануучу катары көрсөтмө берүүдө. Алардын арасында жашы жете электер болгондуктан сот жараяны жабык өтүүдө.

Айыптоо актысы 150 барактан турат.

2021-жылы февралда Казакстан ИИМи Бахрейнде «адам соодалап, жыныстык кулдукка салган» топтун кармалганын маалымдаган. Жабырлануучулар аз камсыз үй-бүлөлөрдөн чыккан кыздар экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости