www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 23-27-январында Өзбекстандын түндүк аймактарына муздак аба массасы келери айтылган. Бул тууралуу СALAMPIR.UZ сайтына Гидрометеорология борборунун басма сөз катчысы Муниса Асилхожаева билдирди.

Ага ылайык, республикада абанын температурасы түнкүсүн -5, -18 градуска чейин суук болору күтүлүүдө. Апта ичинде республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Муздак аба массасы жуманын аягына чейин уланат.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-январда Премьер-министр Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында өлкө аймагында уланып жаткан аномалдуу суук шартында аткарыла турган милдеттер талкууланган видеоселекторлордун кеңешмеси өткөн. Жыйында күтүлүп жаткан суук аба ырайына даярдык көрүү жана андан кемчиликсиз чыгуу боюнча жетекчилерге бир нече тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости