www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аба-ырайы: эртең күн ачык болот

Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, 2-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы сукундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 28…30 градус жылуу болот.

Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларга суу кирип, жээктерди жууп кетүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу капташы ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости