www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көлдө абакта жаткан адамга самсанын ичине гашиш салып алып келишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 30-октябрда саат 23:30 чамасында убактылуу кармоочу жайда жаткан Кара-Көл шаарынын тургуну тиштеринин ооруп жаткандыгына даттанып, дары-дармектерди берүүгө уруксат сураган. Кийинчерээк, бир жаш жигит түрмөгө дары жана самса алып келген.

Текшерүү учурунда абактын кызматкерлери самсадан баштыкка оролгон катуу затты табышкан. Ал 2 грамм салмактагы гашиш экени белгилүү болду.

Бул факт КЖБРге катталып, Кылмыш кодексинин 123-беренеси “Баңги каражаттарын же психотроптук заттарды, алардын окшошторун жана прекурсорлорун мыйзамсыз өндүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости