www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине ырчы, Жаныбек Аттокуровдон кайрылуу келип түштү. Кайрылууда ага "Араван Цемент" заводунун директору жана Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаев тарабынан коркутуулар болуп жатканы айтылат.  

Жаныбек Аттокуровдун кайрылуусу: 

Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев!

Сиздерге кайрылуумдун себеби: Бүгүн менин ырдаган ырым интернет желесине тарап кеткенине байланыштуу, мага ар жактан звоноктор келип, “сени өлтүрүп кетем”, “эжеңдин үйүн өрттөп кетебиз, "надо будет" бүгүн барып атып келем” дегендер көбөйдү. Ошол себептен сиздерге кайрылып жатам.

Менин өмүрүмө коркунуч жаратып, азыр мен үйүмө бара албай көчөдө, бирөөлөрдүн үйүндө жүрөм. Эжемдер үйдөгү эжемдин келиндери, бала чакасы, неберелери коркуп отурушат качан келип өрттөп кетет экен деп.

Ошондуктан Өлкө башчылары сиздерге кайрылып жатам. Менин коопсуздугумду карап коюңуздар. Жүрөгүм ооруп, сахарым көтөрүлүп кыйын абалда турам, больницага баргандан да коркуп отурам, - деп Кайрылуу жасаган ырчы. 

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапаевге таандык болгон "Араван Цемент" заводунун айланасында болуп жаткан иштер боюнча ырдап чыккан Жаныбек Аттокуровго Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Атабаев тарабынан коркутуулар болуп жаткандыгы тууралуу видеоматериал NazarNews маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости