www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-март — Айымдардын эл аралык майрамын абактагы кыз-келиндер дагы майрамдашат. Алар бул майрамга карата сынактарга даярданышкан. Учурда бул абактагы 300дөн ашык аялдын 25%ы адам өлтүрүү беренеси менен камалгандар - деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Камактагы Аиданын айтымында, сынакка «кара роза» деп аталган көйнөк тиккен. Ага кыргыз оймо-чиймелери кошо тигилген. Абактан чыккандан кийин дизайнер болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.
«Мен 3 жылдан бери бул жердемин, дагы 2 жыл калды. Буга чейин керек болсо ийне кармап көргөн эмесмин. Көйнөктү тигүүгө 1,5 ай убакыт кетти. Ар бир гүлүн 3 күндө тигип жаттык», - деди ал.
21 жаштагы Алина абакка көнүп калбоого аракет кылат. Бул жакта анын жакын адамы жок.
«Бошотулушума 6 ай калды», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg