www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөмдүн байкеси мага тийишип...

Саламатсыздарбы мен сиздерге жардам сурап кайрылып жатам бул жөнүндө башка адамдарга ооз ача албайм атым ананимдүү болсунчу.

Анда кеп башынан болсун мен 2 жыл мурун жигитим менен ажырашкам. Ажырашуубуздун себеби кызганыч менен уруш - талаш болуп эки айрылыш жолго кеткенбиз. Экөөбүз эки жакта өзүбүз каалагандай өмүрүбүздү өткөрүп жаттык.

Бара- бара ал дагы унутулуп мен жаңы жашоо баштап, жаңы жашоомду жаңы адам менен баштадым. Баары ойдогудай болуп биз бир үй - бүлө болууну чечтик. Көптөн күткөн той күнү да келип баары өз нугу менен өтүп жаткан. Бир маалда эле менин тойумда менин мурунку жигитим жүрөт. Сураштырып олтурсам ал менин күйөөмдүн бир тууган байкеси болот экен. Мен шок абалында эле туруп калдым. Той бүтүп үйгө келгенде кызыктын баары башталды.

Мен ашканада жүрсөм келип артымдан кучактап мага тийише берет. Бир күнү үйгө коноктор келип мен коридордон кетип баратсам ал дагы алдыман чыга калып жаактан ары бир чапты. Мен эмне кылаар айламды таппай калдым.

Конокторду узатып бөлмөбүзгө кирсем жолдошум дагы мен үчүн жагымсыз бир жаңылыгы менен отурган экен. Жолдошум бир айга жумушу менен чет өлкөгө кетет экен. Эми мени ойлондурган нерсе жолдошум кетсе мени тигил желмогуз байкеси жөн койбойт кантип жолдошумду жаныма алып калсам болот? Кеңеш бериңиздерчи....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости