www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тынч океандын чыгышындагы Никумароро аралында 1940 -  жылы табылган адам сөөктөрүнүн 1937 -  жылы учуп жатып аймакта жоголгон америкалык аял учкуч Амелия Эрхартга таандык экендиги белгиленди.

АКШнын Tennessee университетинен профессор Ричард Янц "Forensic Anthropology" журналында  жарыяланган иликтөөдө ал мезгилде жүргүзүлгөн  иликтөөлөрдүн тескери багыттагы жыйынтыктарына карабастан Никумароро аралында табылган сөөктөрдүн 1937 -  жылы учуп баратып аймакта жок болгон америкалык  учкуч Амелия Эрхартка таандык экендигин далилдеди.

"Amelia Earhart жана Nikumaroro Bones" деген темадагы иликтөөдө Гаваинин 2 миң 900 километр түштүк батышындагы бир аралда табылган сөөктөр заманбап адилеттик медицина техникаларын колдонуу менен кайрадан иликтенди. Сөөктүн калдыктары сакталбагандыктан фотографиялар колдонулуу менен жүргүзүлгөн иликтөөдө Fordisc деп аталган программа менен сөөктөрдүн  түзүлүшү Эрхарттын дене өлчөмдөрүнүн скелетинин калдыктары менен дал келгендиги белгиленди.

Өзгөчө эксперттер Эрхарттын фотографияларында кийген кийимдерин иликтөө менен тигиш узундуктарынан Эрхарттын көкүрөк жана бел өлчөмдөрүн блгиледи. Бул маалыматтар да сөөк  иликтөөлөрүнө кошулду. Натыйжада сөөктөрдүн 99 пайызынын Эрхартка таандык экендиги белгилүү болду.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости