www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №1 тергөө абагында убагында медициналык жардам албаган тергөөдөгү адам каза болду. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан 1955-жылкы К.И.нин жактоочусу А.Э. арыз менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылган. Кылмыш жана жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмышка шектелген жаран ден соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ЖАМКнын №47 мекемесине которууну суранган. Бирок анын жактоочусунун тергөө органдарына жана №1 тергөө изоляторунун жетекчилигине берген өтүнүчтөрү эске алынган эмес. Жыйынтыгында, медициналык жардамдын өз убагында көрсөтүлбөгөндүгүнүн жана адистештирилген медициналык мекемеге которуу өтүнүчтөрүнө көңүл бурулбагандыгынын натыйжасында, ал киши диабетикалык комага түшүп калган. 26-июлда ал оор абалда №47 жаза аткаруу мекемесине “Тез жардам” менен жеткирилип, 10 күндөн кийин каза тапкан.

“Анын алдын ала диагнозу: курч дем алуунун жетишсиздиги, кан диабети, баш мээнин шишиги, баш мээдеги кан жүгүрүүнүн бузулушу болгон. Кыргызстандын Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбору жаза аткаруу тутумунун органдарынан бул фактыларга көңүл буруп, ооруга байланыштуу адамды бошотуу укугун урматтоону суранат”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости