www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Республика» партиясы 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Мирлан Жээнчороев билдиргендей, өткөн парламенттик шайлоону эске алуу менен бир нече партия күчүн бириктирип, бир тизме менен шайлоого барууну сүйлөшкөн.
«Шайлоо жөнүндө мыйзам каралып жатканда, шайлоодо бирдиктүү блок түзүү мүмкүнчүлүгү сунушталган. Тилекке каршы, ал демилге Жогорку Кеңештин комитетинде колдоо таппай, четке кагылган. Ошондон кийин биздин партиялар шайлоого катышпайт, баарыбыз жаңы партия менен шайлоого барабыз деген чечим чыгарганбыз», - деди Жээнчороев.
Ал учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, «Республика» партиясынын айрым мүчөлөрү шайлоого катышпай турганын, айрымдары бир мандаттуу округдарда ат салышарын айтты.
Булак: NazarNews.kg