www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Панфилов районунун айрым тургундары Кайыңды шаардык кеңештин төрагасы Эркин Иманкулов, Панфилов районунун прокурору Калматов Мелис жана райондук соттун төрагасы Тилек Тагаев тарабынан кысым болуп жатканын айтышып, Садыр Жапаровго кайрылышты.

Кайыңды шаарынын тургуну Роза Сыдыкова 20 жашка толо элек баласын, укук коргоо органдары жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоп камап койгонун айтат.

--“Мен Панфилов районунда жашайм, чакан ишкерлик менен алектенем. Бирок биздин аймакта ким көтөрүлүп келе жатса эле баса калып, тоногон топ бар. Алар райондук сот, прокуратура, милиция кызматкерлери жана шаардык кенештин төрагасы 15 жашынан бери эле жанын койбой артынан түшүп алышкан.

Жакында эле бейкүнөөсүз баламды магазинден акча уурдаган деген жалган жалаа менен камашты. Түрмөдөн ээси оогончо сабап, башына баштык кийгизип, кордоп жатышат. Керек болсо ордунан турганга дарманы жок, ээсине келбей жатса дагы дарыгерлерге көргөзбөй коюшту. Мен райондогу болуп жаткан окуяларды өлкө башчы көзөмөлгө алуусун талап кылам”, - дейт тургун.

Ушундай эле көйгөй менен Аида Кадыркулова биздин редакцияга кайрылды. Анын айтымында баласы 2015-жылдан бери камакта. Аны бейкүнөөсүз адам өлтүрүүгө күнөөлөп, кылмыш ишин козгоп, камап салышкан.

Кадыркулова райондогу соттор баласынын экспертизанын жыйынтыгы жок, жактоочусуз эле чечим чыгарып кесип салышканын кошумчалады.

--“Менин баламды 2015-жылы бирөөнү өлтүрдү деп, башка бирөөнүн күнөөсүн жок жерден мойнуна илип, камашкан. Ал адам байдын баласы болгондуктан акча берип кутулуп кетти. Менин баламды кыйнап камап салышкан. Керек болсо экспертизага беришкен жок. Же жактоочусу жок соттор чечим чыгарып, көп жылга кесишкен.

Бүгүнкү күнгө чейин прокурор, сот, милиция кызматкерлеринин жана Панфилов районунун мурдагы мэринин азабынан жакшы жыйынтык жок. Акыйкат издеп, ушулардын ишин көзөмөлдөп бериңиз деп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге чейин бардык. Ал тапшырма берген. Бирок, анын сөзүн сөз катары көрүшкөн жок”, - дейт ал.

Ал Марат Абдулдаев Кант кызылча заводунда инженер болуп эмгектенет. Анын баласын дагы бейкунөоуз камап, керек болсо жэактоочусун дагы сатып алышканын айтып нааразы.

Абдулдаев Кайыңды шаарынын мурдагы мэри, азыркы шаардык кеңештин төрагасы Эркин Иманкулов кылмыш тобун түзүп алып, ар бир жумада байыган адамдарды тизмектеп, кысым көрсөтөт дейт.

--“Кайыңды шаарында тынч жашоо болбой калды. Кичине кыймылдап, чакан бизнес кылса эле Кайыңды шаарынын мурдагы мэри, азыркы шаардык кеңештин төрагасы Эркин Иманкулов баш болгон адамдар баса калышат. Айрыкча 20 жаштан 30 жашка чейинки балдарга кысым болуп, камап жатышат. Соттор, прокурор, милициялар анын Эркин Иманкуловдун айтканын кылып, азыркы күнгө чейин токтотушпайт.

Булар 5-күнү чогулуп, мончого барып, аймактагы жетиштүү, малы көп, бай адамдарды талкуулап, анализдеп, кимден акча алыштын амалын көрүшөт экен. Бул маселе менен бир канча жерге кайрылдык, тилекке каршы жыйынтык жок”, - дейт тургун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости