www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганды облусунда абакта кургак учуктан дарыланып, жаза өтөп жаткан адамдар бийиктиги 5 метр болгон кар киши жасашты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, кар кишиден башка дагы Жаңы жылга карата жаныбарлардын, аяз ата, аяз кыздын сөлөкөтүн кардан жасап тургузушкан.

Ар түрдүү корпустан жаза өтөп жаткан адамдар чогулуп, кардан түрдүү персонаждарды жасоону чечтик. Былтыркы жылга салыштырмалуу кардын көлөмү көп болгондуктан аларды башка жакка чыгаруунун ордуна эң сонун фигураларды жасап чыгалы дедик. Кардан жасалган кишиге Глыба деген ысым да бердик. Кийинки жылы мындан дагы чоң, бийиктиги 10-12 метр болгон кар киши жасап, рекорд жаратууну пландап жатабыз", - деген абакта жаза өтөп жаткандардын бири Рымгали Бурбаев.

Мындан сырткары ал алардын арасында пандемия темасына байланыштуу фигура бар экендигин. Бардык көйгөйлөр эски жыл менен каларын, Жаңы жыл жакшы жылдардан болсо деген тилегин кошумчалаган.


Сүрөттөрдөн кардан жасалган жаныбарлардын көзүн сокур кылып коюшканын көрүүгө болот.


Ал эми Уральскта кардан жасалган бука пайда болду. Ал аталган аймактагы №1 адистештирилген өрт өчүрүү имаратынын алдында жасалган. Бул өрт өчүрүү кызматкерлеринин колунан жаралган биринчи эмгек эмес.

"Биздин кызматкерлер 2019-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун улуу жеңишинин юбилейине карата кардан танк жасашкан. Бул жолу алар буканы "сокур" кылышты. Ал жасалгалоо облустун борборун кооздукка бөлөдү", - деген №1 адистештирилген өрт өчүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Анатолий Старков.
Кардан жасалган буканын бийиктиги 3 метрди түзөт. Бул жаратмандыктын автору Алишер Куттыгали. Ал бул иштин үчтүндө 2 апта иштеген.

"Өрт өчүрүү кызматкерлери бөлүмдүн айланасындагы карды топтоп жардам беришти. Кардан скульптура жасоо - бул менин балалыктан берки хоббим. Уй жылы тынчтык жана токчулук алып келерине ишенем", - деген Алишер Куттыгали.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости