www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Биздин тарыхый достук жана жакшы кошуналык мамилелер менен тыгыз байланышкан боордош элдерибиздин көп тараптуу жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыгынын бардык тармактарындагы жигердүү өнүгүүсү өзгөчө кубандырат. Кийинки жылы биздин өз ара ишеним менен сый-урматка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүбүз толугу менен жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө шек жок», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Талант Мамытовго бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, молчулук жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости