www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы активист Шаменов ооруканага жаткырылды

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

"Ооруканага жаткырылышы зарыл" деп медиктер айткандан 27 күн өтүп, акыры Шаменов ооруканага жаткырылды",-деп жазды Жоошев.

Өткөн жылдын 23-октябрында Ички иштер министрлиги тарабынан саясатчы, жарандык активист, укук коргоочулар кармалган.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.

27-октябрда Шаменов Москва шаарынан кармалганы кабарланып, Орозайым Нарматова менен бирге Бишкекке жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости