www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-декабрдан тарта президенттикке талаперлердин үгүт иштери башталды. Бысмылда дегенде эле талапкерлердин бири-бирине болгон пикир келишпестикери бакыйып эле көрүнүп калды окшойт. Саясатчылар бири-бирине орой сүйлөп, бири экинчисин жерден нары киргизе сүйлөгөндөрү көнүмүш адатка айланганы айтпасада белгилүү эмеспи. Талапкерлер - атаандаш, алдыдагы жарышта текгана бир талапкер жеңишке жетиши татыктуу болот. Бирок ошол жеңишке эч кандай уруш-талашсыз, бирин-бири каралабай, экинчи ирет жүз көрүшпөөчүдөй болбой, Эл өкүлү деген сөзгө татыктуу болуп өткөрсө болбойбу?

Мындай коомдук талкууну жараткан талапкерлердин ортосундагы пикир-келишпестиктер, каралоолор боюнча активист Шамурза Бөрүкулов да четте калбай, өзүнүн пикирин айта кетти:

«Абдиль Сегизбаев, мынчалык уятың жок жигитсиң. Өзүңө караштуу жугундукорлорду топтоп алып, ошолорду кыргыз элим деп, ошол сенин сандырак сөздөрүңө кол чаап жатышкан элиңе ар бир айткан сөзүң, кайрадан өзүңө кайтып барып как пешенеңе тиерин билбеген кайдан чыккан акылы кем неме элең? Мындай дөөдүр сөздөрдү, дал ушундай сүйлөө манераны, ататып жалган сөз кошуп айтууну, лөлү катындарга окшоп ыйлагыдай болуп лалактаган Атамбаев бар эле.

«Бакиевдин бөлтүрүктөрү» деп, Атамбаевдин сөздөрүн да дал өзүндөй кайталап жатасың. Атамбаевдей болоюн деп оозуңа армансыз эле түкүртүп алган экенсиң, эч бир айырмаңар жок, тообо кылдым.

-«Бакиевдин кадрлары» деп, мээсинен айрылган, ой жүгүртүүсү өтө төмөн, акылы кем адамдар гана айтат. Эгер билсең: сен этегиңе намаз окуган Атамбаев, сенин «самозванка» апчең Отунбаева, «Конституциянын атасы» деп, «а на самом деле» элдин шорун куруткан Конституция жазган Текебаев, а түгүл сен өзүң да Бакиевдин убагында иштегенсиң. 30 жылдан бери эле Бакиевдин эмес дээрлик Акаевдин кадрлары иштеп келе жатасыңар. Андай болсо, ортодо беш эле жыл иштеп: Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, элдин жашоосун оңдоп койгон Бакиевге эмне үчүн жабыла асыла бересиңер? Себеби: Акаев, Атамбаев, Отунбаева баарыңар биригип, Бакиевдин жанында эшектин тушоон да чече албадыңар.

- «Кумтөр элге дегенде унчукпай олтуруп, эми «Кумтөрдө» алтын жок деп элди алдап жатат» деп, Садыр Жапаровго сүйкөнүп алыпсың, котур эчкидей болуп. Ошончо болуптур: «Садыр Жапаров» деп эле атын ачык айта бербейсиңби, жаңы келип, кайын журтун тергеген келиндей болбой. Ыйманыңды жуткан жалганчы адам экенсиң. Бүткүл Кыргыз эли билет, Кумтөрдү Садыр Жапаров көтөрүп чыкканын. Ошон үчүн аны сенин Атамбаевиң камады да.

-Уялбастан: «президент болсом «Кумтөрдү» мына мен улутташтырам» деп сүйлөп жатканда оозу мурдуң кыйшайып калбадыбы? Акаевдин убагында «Кумтөрдү» кыргыз элинин үлүшү 16% га түшүп кеткен. Бакиев 33% га көтөрдү. А сен Атамбаев экөөң 25% га кайра түшүрүп койбодуңар беле. Үлүштү көтөрө албаган сен, эми улутташтырам дегениңе, сага кол чаап жаткан алдыңдагы жүз чакты жугундукорлоруң эле ишенбесе, калган алты миллион кыргыз ишенбейт.

- Пешенеңе жүздөй хан сарайдагы эл бузарларды топтоп алып, кайра-кайра эле «Кыргыз калкым» деп кыйкырасың да. Кыргыз калкым деп Садыр Жапаров, Камчы Ташиев айтса жарашат. 5-октябрда эл кимди ээрчиди, кимди колдоду? Атамбаевиң баш болгон топтолгон бузакылар Садырдын колдоочуларынан качып, чычар жериңер саманкана болгонуна арадан эки ай эле өттү го. Тез эле унутуп калдыңбы?

- «Бул жерде жаткан бир туугандарымды, 7-апрелде өлгөндөрдү сатпайм» дейсиң. Эмне үчүн сүйлөп жатканыңда сөзүңө Ош коогалаңында өлгөн миңдей адамдарды, он миңдей майып болуп калгандарды кошпойсуң? Эмне, президент болсоң Түштүктү бөлүп салып башкарасыңбы? Эмитен пейилиң минтип бузулуп жатса, сендейден жакшылык күтүп болобу? Атамбаевиң да бир убактарда: «Түштүктү бөлүп алып Ташиев менен Келдибеков башкара берсин. Мен Түндүккө президентмин» деп тантыраганын укканбыз. Эгер билсең, ал жерде жаткан «баатырларыңды» Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, сен баштап барып өлтүрдүңөр. Жалпы карапайым элден сурабай, кыргыз элинин каалоосуна карабай, алардын колдоруна курал берип, кулкунуна арак куюп Ак үйгө айдадыңар. Эми ошолорду баатыр деп сыйынасыңар, өзүңөргө бийлик алып келгени үчүн.

Ал эми Түштүктөгү согушта Ош, Жала-Абаддын бүтүндүгүн сактайбыз деп өлгөндөр силер үчүн адамдар эмес. Ошол согушту да Атамбаев, Отунбаева башташкан. Эгер эле алтымыш өлгөн адамды Бакиев өлтүрсө, сенин Атамбаевиңдин мойнунда он миңдеген өлүктөр жүктөлүп жүрөт. Сенин да тиешең бар ошол жерде.

-Андан соң: «мен эч кимди сатпадым» деген сөзүңдү мурда да миң жолу укканбыз. Туура, сатпагансың, бирок бир эле адамды сатпагансың. Атамбаев хан сарайда «республика» түзүп, элди Түштүк-Түндүккө бөлүп, барган жоокерлерге таш ыргытып, куралдан ок чыгарып террористик кылып жатканда, сен бука союп берип колдогонсуң. Бирок, бул мыйзам тилинде, сатпагандык эмес, кылмышкерди колдогондук болот, дөөдүр! Сен ошондо Сооронбай Шариповичтей болуп элди тандап кете албадың. Себеби, сен төмөндө сойлоп жүргөн жериңден көтөрүлүп барып туппа-туура УКМКга олтуруп калган жеке амбицияңды бүткүл кыргыз элинен өйдө койдуң. Эми болсо, ошол чанып кеткен элге келип: «мен силерди багам» деп көкүрөгүңдү кагасың.

- «Мен УКМКда иштеп жүргөндө миллиарддарды казнага төктүргөм» дейсиң. Андай болсо эмне үчүн ар бир кыргыздын мойнунда дээрлик 1000$ дан илинип жүрөт? Сен жана сенин Атамбаевиңдин убагында карыз болдук го. Атамбаев да элди мал көрүп, оозуна келгенди төйрүңдөп сүйлөй берчү эле. Кожоюнуңду тартпай арам катып калсаң жакшы болмок.

-Сенин Белизден жасаган афераң үчүн эле алда качан камап жиберсе болмок. Жээнбеков сени эмнеге камабады билбедим, бирок сен да Жээнбековдун үч жылында, ийинине кирип кеткен көр келемиш баштанып, дымың чыкпай жаткансың. Эми Садыр Жапаров: «оозуңа келгенди оттой бер, куугундук болбойт» деп койсо, бир паста жандана түшүп, жаныңа жугундукорлоруңду топтоп, көчөгө чыгып кыйкыра баштапсың. Атамбаевдин колтугунда жүрүп, эми болсо аппакмын дегениңе Чым Коргондогу жиндилер эле ишенет. Биз билбеген канча кылмыштарың бар айта албайм, бирок бука союп кылмышкерди колдогонуң, жана Белизгейт үчүн камалып кетпесең да, президенттикке барышка бир грамм да моралдык акың жок.

- Акырында болсо: «азыр президент болуп өзүмдүн күчүмдү элге жумшап иштеп алайын, андан соң араңарга барып кетмен чаап, мал багам» деп адамдын чычкысын гана келтиресиң да. Атамбаев да жаңы президент болгондо теледен чыгып: «митингге чыкпагылачы айланайындар, төрт эле жыл иштегенге мүмкүнчүлүк бергилечи» деп ыйманын жуткан. Көрсө, кое тургула, мен өзүңөрдү какшатып мультимиллиардер болуп байып алайын деген экен.

Биз кыргыз эли Атамбаевдин кадрларына ишенбейбиз. Сен дал ошондой адамсың: Атамбаевдин оң колу, ишенген адамы, колтугундагы пысмыгы, ээрчитип жүргөн көлөкөсү, арам-алышты бир жеген табакташы ж.б.

Аты эсимден чыгып кетиптир, бир акылдуу адам айткан эле: «Бакиевди жеди дешет. Бакиев Атамбаевдин жанында орозо турткан экен. А биз отко айдаса бокко качкан эл болуптурбуз» деп. Мен 100% кошулам, ошол акыйкатты айткан адамга», - дейт ал.

Эске салсак, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ал эми президенттик кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда.

Бул арада талапкерлердин үгүт иши 15-декабрда башталган. Ал добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда токтойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости