www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкердик субъектинин милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн экономикалык коопсуздукту камсыздоо чараларынын жана мамлекеттик органдардагы коррупциялык иштерге каршы күрөшүүнүн алкагында, Талас облусундагы жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бири тарабынан 5 миллион сомдон ашык суммадагы милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Такталгандай, Мамлекеттик салык кызматынын Талас облустук башкармалыгынын (МСКБ) айрым кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин туура эмес аткаруусунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке төлөнгөн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдө төмөндөтүү фактысына жол берилген.

Бул факт боюнча, сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости