www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин жардамчысы «Бишкек» Эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаровго чалып, буйрук берип жатыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
«Өлкөдө «Чоң Казат» кадрлар бөлүмүбү? Ушуну менен экинчи жолу мага «Чоң Казат» кайрылып жатат.
Баланчаны кетир, түкүнчөнү көтөр, баланчага жардам бер деп. Азыр эле Жапыкеевдин жардамчысымын деп бирөө чалды.
Эгер ар бир структурада ушундай болуп аткан болсо анда кечирип эле койгула. Сыймык Жапыкеев, эгер сиздин атыңыздан чыгып аткан болсо анда ачыкка чыгыңыз, эгер атыңызды саткан болсо чара көрүңүз.
Камчыбек Кыдыршаевич, Бакыт Абдилашимович, өлкөдө бийлик барбы же сахнанын артында «Чоң Казат» башкарабы?
Чара көрөм десеңер, менде аудиожазуу бар, а эгер көз жумуп койсоңор, анда кадрлар бөлүмү «Чоң Казат» экен деп жашай берели», – деп билдирүү жазган Кудрет Тайчабаров.
Булак: NazarNews.kg