www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурман, ардактуу  мекендештер! 

Жалпы кыргызстандыктарды 31-август Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! 
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү – биздин өлкө үчүн өтө маанилүү майрам.    Эгемендүүлүккө ээ болгон 29 жылдын ичинде өлкөбүз көп өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бийлик алмашты, саясий система бир канча ирет  өзгөрдү. Бирок, биздин мекендештердин жаркын келечекке болгон ишеними жана Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошууга кылган далалаты өзгөргөн жок. Артка кылчайып, тарых барактарына көз чаптыра турган болсок, кыргыз эли кылымдардын кыйырында кыйла жолду басып өтүп, көз карандысыздык үчүн болгон күрөштө тайманбастыгын көрсөткөн. Элибиз эзелтен эркиндикке умтулуп, акыйкаттыкты жана тартипти талап кылган.

Кыргызстан – көп улуттар бир түндүк астында тынчтыкта, бейкуттукта жашаган куттуу өлкө. Биздин өлкөнү жаркын келечек күтүп турганына ишенем жана биз аны өзүбүз курабыз. Андыктан, мекенибизди сүйөлү жана аны көздүн карегиндей сактайлы. Мамлекетибиз биз үчүн ыйык, атадан калган таберик экенин эстен чыгарбайлы. Мекен жүгүн көтөрүү ар бир азаматтын милдети. Биздин күчүбүз-биримдикте! Майрамыңыздар менен! 

Абдиламит Жумашев, “Жетиген” журналынын Башкы редактору

Булак: NazarNews.kg

Последние новости