www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мага керек адам менин курбу кызымдын жолдошу

Биздин сыр куржунубузга окурманыбыздан төмөнкүдөй кат келип түшкөн. Окурман кызыбыз атын ачык айтпоону өтүнүү менен өзүнүн көйгөйүн жарыялап элден кеңеш алгысы келээрин билдирди.

Саламатсыздарбы? Мен ушунчалык татаал кырдаалда турам. Акыркы убактарда жашоодо жок болуп калгансыймын. Көпчүлүгүңүздөр менин кайгымды угуп мени жектешиңиздер мүмкүн. Ошентсе да мен сиздерден кеңеш сурап кайрылууну эп көрдүм. Анда сөз башынан болсун. 

Мен өзүм жеке ишкермин, менде баары бар кудайга шүгүр кылам. Артымдан чуркаган жигиттер да жетишээрлик санда. Бирок мендеги көйгөй алардын мага кереги жок. Мага керек адам менин курбу кызымдын жолдошу. Мен аны акылдан тана сүйүп калдым. Мен ушул убакка чейин ушундай кырдаал менин башыма келип калат деп күткөн эмесмин. Себеби мен башка бирөөнүн бактысын уурдап кеткендерди жектегендердин катарында элем. Эми ушул жагдай менин башыма келип түштү.

Менин курбу кызым менен жолдошу 3 жылдан бери бир үй- бүлө болуп жакшы жашап жатышат. Мен алардын бактылуу экенин көрүп ичим тызылдап кетет. Курбу кызымдын жолдошун көргөн күндөн тарта эле мен ага ашык болуп калган элем. Ал менин кыялымдагы жигит эле ал дайым өзүн токтоо алып жүрөт, салабаттуу, анын жанынан ар дайым жыты аңкыган мен жакшы көргөн жыт жыттанып турат. Мен курбум менен мамилемди да бузгум келбейт. Бирок анын жолдошун да өмүр бою сүйүп андан кызганып жүрө албайм. Ал мага бул убакытга чейин бир да көңүл бөлгөн жок.

Бир күнү курбу кызымдын айылына конокко кеткенин угуп, үйүндө жок экенин билсем да билмексенге салып үйүнө кечинде бардым. Өзүм менен кошо жакшы вино жана торт алып алдым. Каалганы мен сүйгөн адам ачты. Мен курбу кызымды сураган болуп үйүнө кирип бардым. Ал түшүнүп түшүнбөй кет деп айталбай, же кел деп айталбай дендароо абалда туруп калды. Мен өзүм билемдикке салып, алып келгендеримди ашканага жайгаштырып отуруп калдым. Бир убакта ал- жайды сурашып бүткөн соң мен ага жашоом кандай оор экенин айтып аны арбап алыштын айласын издей баштадым. Акыры ал да чыдабадыбы же мени аядыбы экөөбүз жакындашып кеттик.

Кыскасы ошол түнү менден өткөн бактылуу жан жок эле ааламда. Менин планым иш жүзүнө ашканына кубанып сүйгөн адамымдын кучагында жытынан кере жыттап кумарлана жаттым. Убакыт мага ичи тарыдыбы же башка аялдын бактысын уурдап кеткениме ачууландыбы айтоор, ошол түн көз ачып- жумгуча өтүп кетти. Эртең менен мен тургуча сүйгөнүм жаздыгыма "Мени кечирип кой, экинчи мындай кайталанбайт. Жашоодон өз ордуңду тап" -деген кыска кат таштап кетиптир. Мен ал катты мыжыга кармап мага буйрубаган адам экенине ичим ачышып, жашоомо наалат айтып көпкө ойлонуп кала бердим.

Убакыт өтүп бир адамга жолуктум. Ал мага сунуш киргизип үй-бүлө курууга макулдаштык. Эми мендеги көйгөй мен дагы эле курбу кызымдын күйөөсүн сүйөм унуталбай келем. Балким аны күтүп өмүр бою жалгыз өтсөм ал менин сүйүүмдү сезип мендик болуп калат... Же сүйбөгөн адамымдын колун кармап бактымды башка жактан издегеним дуруспу? Туңгуюк ойлордон адашып калдым мага жардам бериңиздерчи...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости