www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 28-августта белгисиз эки адам анын үйүнө издеп барышканын Фейсбук баракчасында билдирди. Бул учурда Абдирасулова үйүндө болгон эмес. Укук коргоочу келген кишилер укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн экенин айтып, алардын жетекчилигине кайрылганын билдирди. Кайрылууда аларды мыйзамсыз аракеттерди токтотууга чакырган.
“Абышкам менин үйдө жок экенимди айтканына карабай, үйгө бастырып киргенге аракет кылышып, бирок итибизден кире алышпаптыр. Бирок, абышкама өтө одоно мамиле кылышып, күч колдонуп, колунан телефонун тартып алганга аракет кылышыптыр. Абышкам сураганда аты-жөнүн, келген себебин айтышпай, үйдүн жанынан кетпей бир топко турушуптур”, - деди Абдирасулова.
Абдирасулованын кайрылуусу боюнча укук коргоо органдары комментарий бере элек.
Былтыр 15-ноябрда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында бийликтин Кемпир-Абад боюнча чечимине нааразылар топтолуп турганда ал жерге укук коргоочу катары байкоо салуу үчүн барган Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери күчтөп алып кетишкен. Кийин ага "милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген" деген негизде протокол толтурулуп, коё берилген.
Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту ага 3 миң сом айып салган.
Азиза Абдирасулова 20 жылдан ашуун убакыттан бери укук коргоочулук менен алектенип келет.
Булак: NazarNews.kg