www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында болгон жолугушууда “Бир Бол” партиясынан талапкер Абдисаит Каримбеков партия мекендештерге жумушчу орундарын жана ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды түзүүнү жактайт деп билдирди.
“Тилекке каршы, ар кандай саясий окуялар кыргыздын кээ бир жарандарын өз ыктыяры менен же мажбурлап мекенинен чыгып кетүүгө түрттү. 1 миллион жаран өлкө сыртында жүрөт. 277 миң бала ата-энесинен алыс, туугандарынын колунда калган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мыктылары чет өлкөгө жакшы жашоо издеп кетип жатат. Массалык миграциянын негизги себептеринин бири - жумушсуздук”, - деди талапкер.

Ал партиянын милдети — чакан жана орто бизнес, IT-индустрия, энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү деп баса белгиледи.
“Ири өндүрүштүк ишканаларда калкты максималдуу түрдө иш менен камсыз кылуу зарыл. Биз өз мекенибизге кайтып келүүнү каалаган жарандарга, алардын коомдук турмушка катышуусуна, ошондой эле Кыргызстанда жашоону каалаган жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгабыз. Биздин милдетибиз – калкты максималдуу түрдө жумуш менен камсыз кылуу”, - деди Абдисаит Каримбеков.

Последние новости