www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлыктарда деликатес катары аборт жасалганда алынган ымыркайдын эти эсептелет экен. Кыргызстандагы кендерди көрсө кытайлыктардын көзү кызарат. Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы дарыяны булгаган жеке ишкерге Шабданбек Субановго 5 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча экотехинспекциянын башчысы Эрмек Төлөбаев билдирди.

Субанов «Металл-Альянс» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Аталган компания Чаткалда 72 гектар жерде алтын чалгындоо үчүн 2019-жылы төрт жылга лицензия алган. Бирок Төлөбаевдин айтымында, бул компания уруксат алган аймакты эмес башка жерди булгаган.

«Мурда да иш козголгон экен, бирок мен чечимдер менен толук таанышпадым. Лицензия алган жери башка, ал эми суу булгаган жери башка. Былтыр иш козголуп бардыгы болуп 900 миң сом айып салынып, мамлекетке өндүрүлгөн», — деди Төлөбаев.

Буга чейин, 10-сентябрда, экоактивист Айбек Мырза Чаткал районунда булганган дарыянын видеосун жүктөгөн. Ал эми Мырза жергиликтүү экотехинспекцияга кайрылганда, имараттан активисттерди укук коргоо органдарынын кызматкерлери кууп чыгышкан.

Көп өтпөй окуя болгон жерге Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары бир нече тургундар менен келишип, экоактивисттер менен чырдаша баштаган. Чогулгандардын бири активисттерден Чаткалдан тез арада кетип калууну талап кылган.

Активисттердин айтымында, чогулгандарга алтын казуучу «Вертекс Голд Компани» компаниясынын өкүлү Тынарбек Сапарбек уулу да келген, бирок ал өзүн жарандык активист катары тааныштырган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости