www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Бишкектин Тыналиев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө 16-сентябрь күнү, саат 22:23тө маалымат түшкөн.

Бишкек шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынан үч өрт өчүрүүчү бөлүм тиешелүү техникалары менен барышты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Баштапкы маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, өрт 14 кабаттуу үйдүн 13-кабатынан чыккан. Ошондой эле учурда тилсиз жоо өчүрүлгөнүн кичи райондун жашоочулары билдиришти. Социалдык тармактардагы видео тасмаларда өрттөнүп жаткан бийик кабатка өрт өчүрүүчүлөрдүн суусу жетпей жатканын көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости