www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-сентябрда Берлин шаарында «Бельвю» резиденциясында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан маалымдады.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу аземден кийин болгон маектешүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын элчиси Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам айтып, Кыргызстанга германдык тараптын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, анын ичинде, COVID-19-га каршы күрөшүүдө, ошондой эле азыркы социалдык-экономикалык абал жана 2020-жылдын 4-октябрында боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымдады.
Маалым болгондой, Германиянын президенти жана элчи кыргыз-герман кызматтыштыгын ар кандай тармактарда өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелер бекем фунтаментке ээ болуп, жигердүү өнүгүп жаткандыгы канааттануу менен белгиледи.
Тараптар Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Жашыл Борбор Азия» жаңы демилгесинин алкагында натыйжалуу жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Ал эми иш-чаранын соңунда Германиянын президентинин «Бельвю» резиденциясында салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук туусу көтөрүлдү.
Булак: NazarNews.kg