www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-сентябрда Ош шаарында “Бир Бол” саясий партиясы уюштурган жаштар форуму өтүүдө. Иш-чарага партиянын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Жоомарт Жолдошев, Фарход Алимжанов, Чынара Капарова, Дүйшөн Төрөкулов, Шаирбек Маматокторов, Жодар Сайдилканов, Эсен Арзиев жана партиянын тарапташтары катышып жатат. 

Форумга Ош шаарындагы элдин келечегине көңүлкош карабаган жаштар уюмдарынын өкүлдөрү да келишти.

Талапкер Абдисаит Каримбеков колдоп келгендерге ыраазычылык билдирип, ишкерликти колдоого чакырып өттү.

“Биздин өлкөдө ишкерлик эмне себептен жакшы өнүкпөй жатат? Себеби, эрежелери татаал. Мисалы, Дубайда климаты ысык, жагымсыз болгону менен четтен келген жарандар арбын. Анткени ал жакта ишкерлик менен алектенүү үчүн эрежелери жеңил жана жөнөкөйлөштүрүлгөн. Ал жакта коопсуздук маселеси да алдыңкы орунда турат. Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүү үчүн жөнөкөй эрежелер жетишпейт”, - деди талапкер.

Ал бюрократиялык система, каржы булактарын табуу жана пайыздык чендин жогору болушу, тынымсыз текшерүүлөр ишкерлик үчүн кыйынчылык жаратарын кошумчалады.


“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 22- сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости