www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Добуш сатып алуу үчүн акча сунуштоо элди кемсинткендик! Аларга эл караңгы жашоодо жашап, 3000 сомго муктаж болуп турганы ыңгайлуу. Анткени алар үчүн добушун сата турган элдин калың катмары керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Талас эли менен жолукканда билдирди.

Мындан сырткары, Алмамбет Шыкмаматов №2 форма менен уурдалган шайлоочулардын саны 345 000ге жеткенин айтты. 

“Бул 40 мандат уурулардын чөнтөгүндө дегендик. Алар бүгүн силерди, эртең балдарыңарды сатып алышат! Силкинүүгө убакыт келди! Мекен үчүн, касиеттүү Кыргызстаныбызды мурас катары калтырып кеткен ата-бабанын арбагы үчүн таза, адилеттүү добуш бериңиздер!”, -деди Шыкмаматов.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 22- сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости