www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте камалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин аялы Кутликиз Балхибаева «Азаттыктын» өзбек кызматына Бишкек анын күйөөсүн Ташкентке жашыруун өткөрүп берип салган болушу мүмкүн деген оюн айтты:

«Бир жумадан бери адвокаттарды күйөөмө жолуктурбай жатышат. Ошондуктан Бобомуродду Өзбекстанга өткөрүп берип салышкан жокпу деген кооптонуу жаралууда. Эгер ошондой болуп калса, жолдошум мурдагы жолкудай кыйноого кабылышы мүмкүн».

Буга чейин Абдуллаевдин адвокатты Тимур Карабаев аны менен жолуга албай жатканын билдирген.

Абдуллаев менен жолугушуу мүмкүн болбой жатканын адвокат Тимур Султанов да «Азаттыкка» бышыктады. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пандемияга байланыштуу санитардык нормалардан улам убактылуу ушундай чара көрүлүп жатканын билдирген. Адвокаттар УКМКнын жетекчилигине өтүнүч кат жазышкан. Азырынча расмий органдардан бул жагдайдын чоо-жайы тууралуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости