www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбызга белгилүү болгондой 5-июнда “Жаңы дем” аттуу саясий топ түзүлгөн. Бирок “демчилер” бири-бирине төп келбей, төшөгү төрүнө жарашпай турат. Коомчулук да бул “сулууларды” жакшы ниет менен кубанып тосуп алышкан жок. Эми “садага болоюндарга” сарказм менен жооп берели.

Оу, ыСыСыСыРчасынан алып жазып, оңдон солго карай кетели да “оппа” дегенде белгилүүлөрдөн Өмүрбек Текебаевден баштайлы.

Жаш жигит Жанар Акаевге караганда Өмүкем кең далылуу болуп койкогону менен карылыкка моюн сунуп, бир нерсе купулуна толбогондой! Эл аралык этика менен алып караганда костюм менен шым “шалбырап” талапка жоп бербейт.

Темир Сариевге келе турган болсок, саясатчылардын айрымачылыгы камакка түшпөгөнү эле болбосо, бойтойгон жигитибизге “трайбалист” деген ылакап жармашып азырынча элдин эсинен чыга элек болсо, асфальттын астында калган акчалар тууралуу жабылуу аяк жабылуу боюнча турат. Эл аралык этика боюнча карй турган болсок, Өмүкемдей эле шым батинкесин жаап жүдөгөнү билинип турат. Бирок кызыгы Текебаев менен бат эле ажырашып, Мадумаров менен баш кошту. 

Охо, кеп жебес Ырыскелди Момбеков, төшү бери жакта, былтыркыдан быйыл карый түшүптүр. Чык таттырбас Чынарбай дегендей, кеп жедирбес Ысытай (Ырыскелди Момбеков) турган жеринен кошот, жинине тийгендерди ботодой боздотот, Жогорку Кеңештин өткөн күндөрү кыздардай кызыктырып койдубу, айтор кайра депутат болгусу келет. Эл аралык этикага кийимдерин салыштыра турган болсоң, шымы узун...

Жанарга келе турган болсок, Жанар Акаев “жапжаш” саясатчы, али көргөндөн көрө элеги көп. Алмазбек Атамбаевдин күчү менен депутат болуп келген. Тар чөйрөдө айрым саясатчылар, Жанар Акаевди, “Текебаев өлбөй эле тирүу кайтып келди, Жанардын ар бир кадамы Текебаевге окшош” деп саясатчылар айтып келишет. Жанарым, жаш болсо дагы курсак бери карап тээп, жанындагы жаш саясатчыларды эле шымы шалбырайт. Эми кандай болсо дагы Жанарымдын кадамы аруу болуп, саясатта чалынбасын. Ырчы Ильяз Абдразаковдун “Жанарым”  деген ыры бар эмес беле:

“Эске салам ал күндөрдү жанарып,
Бек кучактап жүргөнүмдү Жанарым.
Бирге жүргөн түндөрдү Жанарым эй,
Алгач жолу сүйгөнүмдү Жанарым.

Жанарым эй Жанарым,
Жүрөктөгү сагыныч Жанарым.
Жанарым эй Жанарым,
Жыпар жытты самадым Жанарым”, - болбосо болду. Арты ийгилик менен бүтсүн, анткени өткөндө эле “либерлчики-демократчики” деп кадам таштаган эле. Айтор, жакын арада дүйнө жүзүндө “демократчиктердин доору бүтөөрүн” сезип калдыбы, артка тайган окшойт.

Ошентип, Атамбаевге жакпай четте калган саясатчылар “күлкүнү” келтирип жаңыча кадам жасайт имиш...Айтор, Атамбаев айткан чимкириктер бул жакта турсун, эми ЖКга “супер чимкириктер” депутат болуп келбесе болду. Баса, эми сүрөттөгү алкынган алты жигиттин шымына көз жүгүртөлү, “албырайт да шалбырайт”...

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости