www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Совет маалындагы интернационалдык достуктун жана кыргыздын жашырылып турган байыркы тарыхын билбегендиктин кесепетинен, “кыргыз тилине араб, фарс, хинди ж.б. элдердин тилинен баланча сөздөр кирген” деген “аныктама” пайда болуп, илимий диссертациялар жакталып, окуу китептери чыгарылды. Мунун кеспетинен 1930-жылдан азыркы кезге чейинки улуу, орто жана кичүү муун руханий маңкурттуктун сазына батып, андан эмдигиче чыга албай, бул “аныктама” карапайым көпчүлүктү адаштырып, улуттук ар-намыска шек келтирүүдө...
Мисалы, тарыхый-диний далилдерге таянсак: 6-7-кылымдарда кыргыз эли империя куруп дүңгүрөп, сүйлөгөн сөздөрү дүйнө элине тарап кел-кели келип турганда жапайы болуп өз ара чабышып, ыбырсып жаткан араб эли ислам аркылуу жаңы баш кошуп, бириге баштаган маал эле. Анан каяктан арабдын тили кыргызга келип, кыргыздын тилин байытканга салым кошот?
Башка элдер боюнча деле ушундай кырдаал өкүм сүргөнүн кыргыздын жашырылып жаткан байыркы тарыхы ачыкка чыга баштаган азыркы айкындык учурунда жашырууга деле болбой калды...
Кыргыз эли мамлекет куруп чар тарапка таасири тийип турганда тараган кыргыздын сөздөрү жогоруда айтылган араб, фарси, хинди ж.б. элдерге барып, анан ал сөздөргө ошол элдердин тили так келбегендиктен бир аз бурмаланып айтылып, ошолордун энчисине айланып, кайра кыргызга алардын сөзү болуп келгени кандай кордук жана ал аныктамага таянган тилчилердин жоругу эси жоктук жана кыргыздын тарыхын тааныбагандык, тоотпогондук!
Абдымамбет Сариев, жазуучу
Булак: NazarNews.kg