www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы учак "Манас" аба майданына келип конду. Бул учурда аба майдандын күтүү залында көпчүлүк топтолуп калган болчу. Микрофонун көтөргөн журналисттер, камерасын көтөргөн операторлор, спорт күйөрмандары, сүрөөчүлөр... Анткени бул каттам менен биз жогоруда сөз кылып жаткан Азия чемпиону Нурадин Рустамбек уулу баштаган кыргыз спортчулары жана машыктыруучулар учуп келишти. Каттам келгиче жаш чемпионду толкунданып күтүп жаткан энесин кепке тарттык, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити.

- Баламдын жеңишин абдан кубанып кабыл алдым, эми уулумду толкундануу менен күтүп турам. Энелик жүрөгүм менен бул сапардан маңдайы ачык, кубанып кайтаарын сезгем. Намысты бек кармап, ийгиликке жетишип келсин деп атасы экөөбүз батабызды берип узаткан болчубуз. Көптөн бери Азия чемпионатын күткөнбүз, бул таймашка уулум абдан даярданган болчу. Мына эми тилеген тилегибиз кабыл болду, кубанган бойдон уулубузду тосуп алалы деп Жалал-Абаддан келдик. Мен уулумду колдогондорго, элиме, машыктыруучуларына терең ыраазычылыгымды билдирем.

-Уулуңуз буга чейин да кандай ийгиликтерди багындырган?

-15 чет мамлекетке барып, таймаштарга катышып келген. Үйдө 30га жакын медалы бар, илинип турат. Көп таймаштардан биринчи орунду алып келген. Ал эми жаштар арасындагы Азия чемпионунда Кыргызстандын биринчи жолу чемпиону болгондуктан мындагы таасирлер башкача болууда.

- Балаңызды таймаштарга узатып жатканда сизге кандай сезим болот?

- Корком. Эненин жүрөгү назик болот экен, дароо эле кабатырланып, "башына катуу муш жебесе экен, колу, буту ооруп калбаса экен" деп баштайм. Бардык нерсени Кудай берет экен, атасы экөөбүз күндөп-түндөп Кудайдан тиленип балабыздын аман-эсен, алты саны аман болуп, ийгиликтүү кайтышын суранабыз. Тилектерибиздин баары ишке ашып жатат, Кудайга шүгүр.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости