www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Бишкектин чок ортосунда калаа тургундарына, андан кийин милиция кызматкерлерине бычак менен кол салган видеону көбүңөр көрдүңөр окшойт.

Анда милициянын кандай иштегендигине дагы күбө болдуңар. Тургундарга, анан калса милицияга бычак менен тап берген адамды кармай албай куурашты. Ага жада калса МАИ кызматкерлеринин артынан милициянын кайсыл бир жетекчиси дагы нааразы болуп чуркап келе жатты. Ишенбесеңер видеого дагы бир ирет көз жүгүртсөңөр болот.

Тартип сакчыларынын ишине өз көзү менен күбө болгон милициянын жетекчилиги өтө эле нааразы болду. Анан элди айтасыңар. Ошол белгисиз "жетекчи" кол алдындагыларга "наручникти салбайсыңарбы, эмне турасыңар?" - деп жатып акырында жанагы адамга кишенди өзү салып отурат го. Ал эми ошол “чоң милийса” ким экенин билесиңерби?

Ал “никто как сам” министрдин орун басары Алмазбек Орозалиев. Ооба, дал өзү экен. Мына ошентип бүгүн министрдин орун басары өзү кол алдындагылар кандай иш алып баргандыгына күбө болду. Андан натыйжа чыгарат деген ойдобуз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости