www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы учак "Манас" аба майданына келип конду. Бул учурда аба майдандын күтүү залында көпчүлүк топтолуп калган болчу. Микрофонун көтөргөн журналисттер, камерасын көтөргөн операторлор, спорт күйөрмандары, сүрөөчүлөр... Анткени бул каттам менен биз жогоруда сөз кылып жаткан Азия чемпиону Нурадин Рустамбек уулу баштаган кыргыз спортчулары жана машыктыруучулар учуп келишти. 

Аңгыча учактан чыккандар күтүү залына чыга башташты. Куттуктоолор, чемпион спортчуну ысымын атап кыйкыргандар. Учурашып, куттуктоолор бир аз басаңдагандан кийин спортчуну тосуп алууга барган экс депутат Камчыбек Ташиевге суроо узаттык. Белгилей кетсек ийгиликтүү кайтышкан спортчулар так ушул саясатчынын каржылык колдоосундагы спорт клубунун машыгуучулары. «Тай-Мурас» спорткомплекси Жалал-Абад облусунун Барпы жергесинде жайгашкан. Анын негиздөөчүсү жана демөөрчүсү Камчыбек Ташиев болуп саналат.

- Биздин мамлекетте чоң майрам, себеби Улан-Батордо өткөн жаштар арасындагы чемпионатта спортчуларыбыз чоң ийгиликке жетишти. Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп 18 жаштагы мушкер Нурадин Рустамбек уулу жаштар арасындагы Азия чемпионатынан алтын медаль утуп келатат. Бул жигитибиз жаштайынан бокс менен машыгып келди, эми минтип 18 жаш курагында өлкөсүнө алтын алып берди. Дагы эки мушкерибиз коло медалга ээ болушту. Бул Кыргызстандын бокс федерациясынын өтө чоң жетишкендиги деп эсептейбиз. 18 жашка чыкканда мекенине алтын тартуулаган жигиттерибиздин келечеги кең, дагы далай жолу элге-журтка ийгилик менен кайтышып, желегибизди желбиретишет. Жигиттерибиздин духун көтөрүү үчүн баарыбыз тосуп алууга аба майданга келдик, - дейт экс-депутат К.Ташиев "Майдан.kg" гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости