www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын кайрадан тактоого багытталган “КР Конституциясында белгиленген, прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөнтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин айтымында, бул мыйзам долбоору аркылуу прокуратура органдарынын айрым ыйгарым укуктары Конституциялык мыйзамдын ушул долбоору 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган чечимдерге ылайык келтирилүүдө.

“Мисалы, Конституциянын 104-беренесинин 1- жана 6-пункттарынын талаптары жайылтылган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын тизмеси аныкталды. Тизмеге мурда прокуратуранын көзөмөлүнөн сырткары калган мамлекеттик органдардын кызматкерлери киргизилди”, - дейт баяндамачы депутат Мирлан Жеенчороев.

Буга чейин мамлекеттик органдарда мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын, тактап айтканда, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдар эч бир тараптан көзөмөлдөнбөй келгени белгилүү болду.

Андан тышкары, мамлекеттик кызмат адамдарына карата жазык ишин козгоо жана тергөө үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп берүү боюнча прокуратуранын өзгөчө ыйгарым укуктары белгиленет. Ошондой эле, башкы прокурор же анын орун басары тарабынан кабыл алына турган жазык ишин козгоо жөнүндөгү чечимдер боюнча кызмат адамдарынын тизмеси да аныкталууда.

Депутат Аида Салянова башкы прокурорго кылмыш ишин козгоого мүмкүнчүлүк бар экенине анчалык ынана албай турганын билдирди. Мыйзам долбооруна ылайык, башкы прокурорго карата кылмыш ишин анын орун басарларынын бири козгой алат. “Башкы прокурорго өтө чоӊ ыйгарым укуктар берилгендиктен, бул жобо иштебей калат”, - деп кошумчалады ал.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев негизги милдет Конституцияда белгиленгендей, прокуратура органдары көзөмөлдөй турган мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын тизмегин аныктоо болуп санала турганын, азыр аны тактай албай кыйналып жатышканын, өкмөт өкүлдөрү бул маселе боюнча өз ойлорун айтышы керектигин айтты. “Биз мыйзамдын сапатына өзгөчө көӊүл бурушубуз керек. Эгерде конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилсе, жөнөкөй мыйзамдар күчүн жоготушу мүмкүн. Муну эстен чыгарбашыбыз керек”, - дейт ал.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков мыйзам долбоору туура эле киргизилип жатканын, ал боюнча кеӊири талкуу жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Ал эми депутат Башкы прокуратуранын кылмыш ишин тергөө укугунун алынып салынышын туура эмес кадам катары баалады. “Башкы прокуратура айрым бир талаштуу маселелер боюнча кылмыш иштерин өзүнө алып, тергөө амалдарын жүргүзсө, кыйла натыйжалуу болмок. Коӊшу өлкөлөрдө деле ошондой”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости