www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын жарандары улуттар аралык мамилеге карата терс макала жазган  журналистке нааразы экендиктерин  билдиришүүдө.  Тагыраак айтканда, журналист Улугбек Бабакуловдун  “Люди как звери. В киргизском сегменте соцсетей звучат призывы к расправе над «сартами»”деген макаласына кыжырданышканын айткан улуу муундун өкүлдөрү атайын маалымат жыйынын өткөрүштү.

“Интернет айдыңына жарыяланган Бабакуловдун макаласы эки элдин тең жинин келтирүүдө”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Махамаджан Дыйканов.

“Кыргыздар Өзбек улутун басмырлап, сарт дешет. Анын мааниси “сары ит” дегенди түшүндүрөт өңдүү, эки элди кайраштыра турган макаласын окуп жинибиз келүүдө. Нечендеген жылдардан бери ынтымакта жашаган элдердин ички мамилесин, карым-катышын билбей туруп мындай чагымчылдык кылганы үчүн журналист  жооп берүүсү керек. Эгерде Улугбек Бабакулов жазган макала чындыкка дал келсе элге келип далилдеп берсин”, - дейт Дыйканов.

Ал эми Абдыпатта Маткалыковдун айтымында, Бабакулов жазган маалыматтар 2010-жылдагы окуяны козутушу толук ыктымал.

“Эгер бийлик, прокуратура жана коопсуздук кызматы мындагы көрүнүшкө тез аранын ичинде чара көрбөсө бул журналист кумурскадан пил жасайт. Өткөн күнгө саресеп сала турган болсок 2010-жылдагы окуя дагы дал ушундай көрүнүштөн улам келип чыккан. Ошондуктан Бабакуловду мыйзам алдында жазага тартышсын дагы мындай көрүнүштөрдүн алдын алышсын”, - деди А. Маткалыков.

Жыйын алкагында уюштуруучулар  макаланын арты улуттар аралык кастыкты козутууга багытталганын айтышып, тийиштүү тараптар чара көрбөсө алар президентке кайрылып, ак үйдүн астына көтөрүлүшкө  чыгышарын билдиришти.

Эске салуучу жагдай, журналист Улугбек Бабакулов өз макаласында кыргыздар өзбектерди басмырлап, “сарт”,- деп айтышат деген тариздеги сөздөр жазылган.

Белгилей кетсек, жарандар кайрылган бул иш боюнча Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгы облустук прокуратуранын кайрылуусуна ылайык, маалыматтагы тексте улуттук кастыктыкты козутуучу сөздөр бар же жок экендигин аныктоо максатында Улуттук Академияга филологиялык текшерүүгө жиберишкен.

Булак: "vzglyadriv.kg"

Последние новости