www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдылдаев жыландын башын кылтыйтты

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Түркия "Сапат" билим берүү мекемесин жабуу талабын кайрадан козгоп, анын ордуна альтернатива катары Кыргызстанда "Маариф" аттуу окуу мектептерин сунуш кылганын жана расмий Бишкектен жооп күтүп жатканын билдирди.

Коомчулук бул жагдайды Кыргызстандьш ички ишине түздөн-түз кийлигишүү катары баалады. Ал ортодо "Маариф" фондунун ачылганына эки гана жыл болгонун, анын мектеп ачып, билим берүүгө каражаты да, тажрыйбасы
да жоктугун, бул фонд бир катар өлкөлөрдөгү мурдагы "Себат" билим берүү мекемесин тартьш алып жатканын, дал эле ушул көрүнүш "Сапат" мектебин тартып алуу максатын көздөй турганын белгилешип коңгуроо кагышты. Коомчулуктагы мындай терс көз караштарга карабастан, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев: "Эгер Түркия тарапта суроолор болсо, анда кыргыз тарап КР мыйзамына жана өлкөлөр ортосундагы макулдашууларга таянып, иштиктүү сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр", - деген жыландын башын кылтыйтты. Сыягы, мындай көз караш менен Турциянын өтүнүчүн азыркы бийлик канааттандырганы калганы көрүнүп турат. Качан кулдук сезимден бийик турабыз?..

Булак: Ачык саясат
 

Последние новости