www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы кезде коомдо Афганистандан, башкача айтканда Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздардын иш жок же оокат кылганга жери жок, турмуш-шарттары оорлоп кайрадан кетип жатканын катуу сынга алынууда.
Бүгүнкү күндө кыргыздарды көчүрүп келүү иш чарасынын башында жетекчилик кылган ошол кездеги вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова үн катып оюн бил-дирип койбой, кумга башын тыккан төө куштай болуп отурганы өкүндүрөт. Кезинде кыргыздарга өзү көмөк көрсөтүп, жардам берип жаткандай өзүн-өзү аябай пиарлап, гезит, теледен түшпөй калды эле.
Эми көйгөйлөр калкып чыга баштаганда чээнге кирип, жашынып жатканы адамгерчиликке жатпайт да. Эл көзүнө күйүп-бышкан болуп, мындай карап көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин деген принципти карманганы акылга сыйбайт эмеспи...
Булак: "Ачык саясат"