www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маугли мультфилминде ашыра кошомат кылган чөө бар. Анын жүрүм туруму жана мүнөзү кадимки эле Мээрбек Мискенбаевди элестетет. Токойдогу таасиринен ажырап жалгыз калган Жолборс болсо Атамбаевдин эле өзү. Атамбаевдин бүгүнкү абалы Магули мультфильмдегидей. Жанында жалгыз эле Мээрбек Мискенбаев калды. Анысы дагы элден наалатына калып, жаман сөз уга берип бышы кулак болуп бүткөн.
Атамбаев жана анын эң жакын адамдарынын көпчүлүгү ири коррупциялык кылмыштарга аралашканы ачыкталып, камакка алынып жатат. Арты аңырайып ачылып калганы менен иши жок, коррупционерлер кылмышын жаап жашырып, коррупцияга каршы күрөштү - саясий куугунтук болуп жатат деп бурмалоодо.
Жакында эле Сапар Исаковдун эң жакындары "Сапар Исаковго болушайын эле деймин, бирок жебеген жеми калбаптыр", деп кейип кепчиптир. Андыктан, Атамбаевдин командасына болушайын эле дейсиң, ак жери жок.
Булак: NazarNews.kg