www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүнүн амири мененби же акчанын амири мененби социалдык өнүктүрүү министрлигине Таалайкүл Исакунова дегенди айтылуу алкомагнат алып келип кызматка койгон.
Министрликке келгенден бери жарытылуу иш кылбаган Исакунова өз каалагандай чартаңдап, өз билгенин кылып жүргөндүгү тууралуу кулагыбыз чалды. Уккан кулакта жазык жок дегендей өткөн 2017-жылы ноябрь айларында социалдык өнүктүрүү министрлигине океандын ары жагындагы Америка өлкөсүнөн алакандай тоголок кат келет.
Катта АКШнын “жетим балдарды асырап алуу” боюнча бир уюм чоң жыйын өткөрүп жаткандыгы, жана ага катышууга Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министрлигинен 5 адам келип катышуусун өтүнүшөт.
Адатта мындай тышкы өлкөлөрдөн келген сунуштарга өкмөт башчы уруксаат бериши керек эмеспи, мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаков бул боюнча маалыматты карап чыгып, уюмдун ишмердүүлүгү анчейин эмес экендигинен улам "барбайсыңар" деп так кесе жооп узаткан экен.
Бирок ээлигип алган Исакунова ноябрдын башында күйөөсү баласын алып АКШны көздөй сапар алат. Ал эми анын артынан эки үч күндөн кийин, социалдык өнүктүрүү министрлигинин төрт кызматкери да учуп барышкан экен.
Кызыгы министрдин үй бүлөөсү АКШнын жанагы уюму каржылаган отелде кызматкерлер менен чогуу болуп, Исакунова жыйынга отурбай шаар айланып көрүп жүрүп эле кайра кайтып келишкен экен.
Айтса айтпаса төгүнбү Исакунованын бул кылыгы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго жетип, Исакунованы чакыртып, "арызыңызды жазып бошотуп бериңиз орунду", деп сылык узаткан экен.
Өкмөт башчынын жүзүнө карап өз күнөөсүн моюндаган Исакунова чыгып эле атасына даттангандай Шаршенбек Абдыкеримовго даттанып, эптеп алып калуусун өтүнөт. Эжекесин кыя албаган Абдыкеримов Исаковго чалып ортого түшүп ордунда калган.
Анысы го мейли дечи бирок кооптондурган маселе эгер Исаков "барбагыла" деп жөнөтпөй жаткан уюмдун жыйынына барган Исакунова кандай максатта, эмне боюнча жыйынга баргандыгын бир кудай менен Исакунова билбесе ким билет.
Экинчиден бизде УКМК деген кызмат демейде самолётко ким менен качан канчада учканын иликтөөгө ала калмайы бар эле, кантип күйөөсү аялынын учуп кетип жатканынан кабар албай калды?
Балким АКШдагы уюм бала асырап алуу боюнча иш алып барат экен, баягы багаар көрөөрү жок жетим бөбөктөрдү сата турган доорго баш багып жатабы", - деген суроо туулат.
Албетте жаман айтпай жакшы жок дейт, араңдан зорго тыйылган бала сатуу жана жоголуу маселеси кечээ жакында бир кылт этти. Балээнин баары ушул жактан чыгып жаткан болуп жүрбөсүн. Балким тиешелүү органдар териштирүүгө алаттыр. Же Шакинин шарапаты менен Исакунова Исаковду тоготпой жүрө береби деген жоопсуз суроолорго балким тиешелүү кызматтар чекит коет деп үмүт кылып туралы.
Дегеле Кыргызстанда социалдык жактан көйгөй көп эле, тилекке каршы олтурган ордунан жамбашын көтөрүп койбогон Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытованын кимге кереги бар? Экөө, "көсөөң узун болсо колуң күйбөйт", деп алыстан чокту чукуп-чукуп коюп олтурабы же би бир аймактарды кыдырганы көрбөйсүң, же экөө намысына келип кызматын таштап кетип калышпайт...бет деген бетон экен да...бетон...
Маамытов Жертыңшаар
Булак: NazarNews.kg