www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Мен билем, азыр айрымдар түндүк-түштүк маселесин көтөрүп, “тигилер басып кетти” деп элди экиге бөлүп, мага каршы койгону аракет кылып жатышат. Алардын ким экенин да билем, алар менин мурунку досторум”, – деди кечээ, 19-июлда Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда активист Тимур Саралаевдин “түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү козуткан күчтөр баш көтөрүп жатат, аларга чара көрүлөбү?” деген суроосуна жооп берип.
“Менин бир туугандарыма да асылып жатышат. Ушунча болуп калды, эми мен бир туугандарым тууралу да айтып берейин: биздин эң улуу агабыз Канторо Токтоматов илимдин доктору, профессор болчу, 24 жыл Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университетинде ректор болуп иштеди. Азыр көзү өтүп кеткен. Андан кийинки эжем мектепте жөнөкөй эле мугалим болуп иштейт. Андан кийинки эжем врач, жездем да врач. Андан кийинки агам Жусупбек Шариповду билесиңер, мен президент болгонго чейин эле элчи болуп иштечү, азыр деле Украинада элчи болуп иштеп жатат. Андан кийинки эжебиз айылда, Кара-Кулжада эле кичинекей дүкөнүндө соода-сатык кылып эле тиричилик кылат. Менден кийинки инибиз Асылбек Жээнбеков мен президент болгонго чейин эле депутат болчу, азыр деле депутат болуп иштеп жатат. Эми башка шылтоо таппай, ошол Асылбекке асылды да калды. Мен элге айтып коёоюн, Асылбек менин ишиме аралашпайт. Биздин үйдө бири -бирибиздин ишибизге аралашпайбыз. Эгер Асылбек менин иштериме аралашса мен аны өзүм кууп чыгам”, – деди президент Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg