www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов 2010-жылдан бери жалаң мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда гана иштеп келди. Бирок сегиз жылдын ичинде өзү гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы ири көлөмдөгү жер аянттарынын, көптөгөн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдүн ээси болгонго үлгүрүшкөндүгү, эң башкысы алардын ондон бири да экс-мэрдин 2016-2018-жылдарда тапшырган декларацияларында көрсөтүлбөгөндүгү укук коргоо органдарында көптөгөн суроолорду жаратууда. Андай суроолор ушунчалык көп болгондуктан жана ага “Дастан” ЖАКсында иштеп турганда мамлекетке келтирген 450 миң доллардан ашык зыяны да кошулгандыктан УКМК аны убактылуу кармоочу жайга киргизүүгө аргасыз болду.
Айрым маалымат булактарынын билдиргенине караганда, экс-мэр А.Ибраимовдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнүн тизмесин КРнын Мамкаттоо кызматы 27 баракка араң батырыптыр.
Алардын баарын санап чыгуу үчүн бизге да 27 барак талап кылынат, окуп чыкканга бир канча сааттан ашык убакыт кетет, антип окурмандарды жадатпастан ток этерин айтсак, А.Ибраимовдун өзүнө таандык кыймылсыз мүлк обьектилеринин саны - 174. Алардын ичинде жалпы аянты 320 гектар жер, турак жай үйлөрү курулуп жаткан шаарча, автоунаалар токтоочу жайлар ж.б. бар.
Ал эми анын аялы Айнура Ибраимовага 147 кыймылсыз мүлк катталган. Алар - жер участкалары, менчик үйлөр, фермалар, ЖЧК, автоунаалар ж.б. Экс-мэрдин кыздары Айганыш, Бегайым Ибраимовалар да ири жер ээлеринен болуп саналышат. Ал эми баласы Эруланга турак-жай, жакындары Алиева Бүажар, Сасыбаева Асылкүл дегендерге 10 автоунаа катталган.
Мурда АШАнын кол алдында слесарь болуп иштеп жүрсө, кийин кызматтык мансабы тездик менен өсүп, борбор калаанын мэрлигине чейин жеткен А.Ибраимов мынча байлыкты кайдан тапкан?
Тийиштүү укук-ченемдик актыларга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер кирешелерин жана чыгашаларын, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн жашырса, ири өлчөмдө айып пулдар салынат. Эгерде декларанттын мыйзамсыз байыганы аныкталса, 3-5 жылга, жашыргандарынын жалпы көлөмү 300 миң сомдон ашып кетсе, ал 6 жылдан 8 жылга чейин камалып, үй-мүлктөрү конфискацияланууга тийиш.
Албек Ибраимовдун уккан адамдын жакасын карматып, төбө чачты тик тургузчу эбегейсиз байлык, мүлктөрү таза эмгек, маңдай тер менен табылбаганы айтпаса да түшүнүктүү. Демек, коррупциялык, арам жолдор менен табылган байлыктар. Кантип, кандай жолдор менен табылганын, мамлекетке канча зыян келтиргенин атайын кызматтардын өкүлдөрү аныктап, тастыкташы керек.
Тергөө, иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен А. Ибраимов мыйзам чегинде тиешелүү жазасын алып, уурдагандарын кайтарып, жегендерин “кусат” деген ишеничтебиз.
Булак: NazarNews.kg